• 88.68
  • 95
  • 0.95

ТИМ Суданда канча кыргызстандык бар экенин билдирди

Коом 0

Бишкек, 22.04.23. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги дагы бир жолу кыргызстандыктарды Суданда армия менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн куралдуу кагылышынан улам кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу бул өлкөгө баруудан баш тартууну сунуштайт.

Бул өлкөдө жүргөндөргө жашаган жеринде калуу сунушталат: аэропортторго, аскердик базаларга жана өкмөттүк кварталга жакын аймактарга баруудан алыс болуңуз.

Кыргызстандын Сауд Аравия Королдугундагы элчилигинин акыркы маалыматы боюнча, Суданда Кыргызстандын 7 жараны жүрөт, алардын үчөө БУУнун Хартумдагы кеңсесинде иштешет.

Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө, ал эми элчилик Суданда жүргөн КР жарандарын тактоо иштерин улантат.

Пикир

Оставить комментарий