• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 17-ноябрда саат 8:30да троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 17.11.23./Кабар/. Бишкекте эртең, 17-ноябрда саат 8:30да жолдор жабылып, бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгы билдирет.

Белгилей кетсек, мындай чаралар КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясын өткөрүүгө байланыштуу.

Жолдордун ачылышы жана жабылышы тууралуу алдын ала маалымат берилет.

Бишкек шаардык мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий