• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Манас" аэропортунда Индиядан мыйзамсыз жүк ташып келүү фактысы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. "Манас" аэропортунда жүктөрдү мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аракеттер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 6-башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте "Манас" бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталган.

"А.Н.Э." ЖЧК авиакомпаниясы тарабынан Индиядан чартердик рейс менен келген келген жүргүнчүлөрдү ташуучу учакты бажы көзөмөлүнөн өткөрүүдө жүк салуучу бөлүгүнөн жүк ташуучу документтери жок учактын камдык тетиктери табылган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 537 миң 579 сомду түздү.

Аталган факты тиешелүү органда каттоого алынып, чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий