• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Жашыл мурас". Кыргызстан боюнча жалпы 7,5 миллиондон ашык көчөт отургузулду

Коом 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында республика боюнча жалпы 7 млн 572 миң кɵчɵт отургузду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кампаниянын алкагында 2023-жылга 7 млн түп көчөт отургузуу пландалып, президенттин администрациясы, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчɵлɵрү, КР Эл аралык университетинин студенттери жана окутуучулары, министирликтер, ведомстволор, банктар, жаштар бирикмелери, студенттер бирикмелери, "Кумтɵр Голд Компани" ААК, райондук администрациялар, мэриялар, мекеме, ишканалар жана айыл өкмөттөр арасында көчот отургузуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Ошентип, рспубликанын аймагында "Жашыл мурас" улуттук кампаниясы төмөндөгүдөй ишке ашырылды:

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-мартында КР президентинин жарлыгынын негизинде КР министрлер кабинетинин Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасы бекитилген. "Жашыл мурас" улуттук кампаниясы аталган Жол картасына киргизилип, аткарууга алынган.

Пикир

Оставить комментарий