• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коомдук транспорт үзгүлтүксүз иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Бишкек шаарында коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-апрелде каттамга 1044 жүргүнчү ташуу транспорту чыкты, анын ичинен: автобустар - 73, троллейбустар - 111, кичи автобустар - 860.

Бишкек мэриясы жарандардан санитардык эрежелерди сактап, беткап кийүүнү, аралыкты сактоону өтүнөт.

Эскерте кетсек, бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий