• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы: Улан Уезбаев ээлеген кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Уезбаев ээлеген кызматынан бошотулду.

Муниципалитеттен билиришкендей, Улан Уезбаевге карата Бишкек шаардык сотунун чечиминин көчүрмөсү келип түшкөндүгүнө байланыштуу, мэр Айбек Жунушалиев У.Уезбаевдин берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы Улан Уезбаев жогоруда айтылган департаменттин директору болуп 2023-жылдын ноябрында дайындалганын, дайындоо учурунда Биринчи май райондук соту тарабынан Уезбаев жеке айыптоо кылмыш иши боюнча күнөөлүү эмес деп табылганын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий