• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2017-жылы террордук уюмдардын 50дөн ашык тобунун ишмердүүлүгү токтотулган

Коом 0

Ташкент, 31.10.18. /Кабар/. 2017-жылы баштапкы баскычтарда бир катар террордук актылардын алдын алууга мүмкүн болгон. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруучу комитетинин директору Евгений Сысоев Ташкентте өткөн “Террорчулукка каршы күрөшүү – чексиз кызматташтык” аталышындагы эл аралык конференцияда билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 150дөн ашуун эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрү кармалган.

“Интернетти террордук, экстремисттик максатта колдонууга каршы күрөшүүнүн алкагында 80 миң ресурска жеткиликтүүлүк чектелген. Аларда 500дөн ашык тыюу салынган материал болгон”, - деди Сысоев.

Андан тышкары террордук, экстремисттик жана диний интернет коомчулуктардын 360 катышуучусунун ишмердүүлүгү токтотулган. Интернет сайттардын администраторлоруна жана модераторлоруна карата кылмыш иштери козголгон.

Пикир

Оставить комментарий