• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаңы окуу жылынан тарта дагы 295 мектеп ысык тамак менен камсыздалат

Коом 0

Бишкек. 13.04.19 /Кабар/. Билим берүү министрлиги 2019-2020-окуу жылына карата 295 мектепте ысык тамак уюштуруу боюнча даярдык көрүүдө, анын ичинен 200 мектепте бул демилге "Мерсико" эл аралык уюмунун жардамы менен ишке ашырылат.

Азыркы учурда бул мектептердин ашканаларында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында бир ай бою ысык тамак уюштуруу боюнча семинар-тренингдер өткөрүлдү. Бул семинар-тренингдерге Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, айыл өкмөттөрдүн башчылары, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын мектеп тамак-ашы боюнча кызматкерлери жана мектеп администрациясынын ысык тамакты уюштурууга жооптуу өкүлдөрү катышышты.

Ошондой эле, министрлик ашпозчуларды окутуудан өткөрүүнү пландап жатат.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн мектептеринин 60,6 пайызы (1371 мектеп) ысык тамак менен камсыз болууда.

Пикир

Оставить комментарий