• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Футбол: Дарбазачы Кутман Кадырбековдун жүрөгүнө операция жасалды

Спорт 0

Бишкек. 13.04.19 /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын дарбазачысы Кутман Кадырбековдун жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

"Операция жакшы өттү, ооруканада дагы көпкө калуунун кереги жок болду", - деп билдирди футболчу.

Дарбазачы оюн талаасына качан чыгары азырынча белгисиз.

Эске салсак, Кыргызстан 2019-жылдын башында Бириккен Араб Эмиратында өткөн Азия чемпионатында төрт беттеш өткөргөн, алардын үчөөндө Кутман Кадырбековдун дарбаза туруп, жакшы оюн көрсөтүп көпчүлүктүн көңүлүн бурган.

Пикир

Оставить комментарий