• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедовго чакырык таштады

Спорт 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. UFC уюмунун жарым жеңил салмактагы чемпиону Макс Холлоуэй россиялык жеңил салмак чениндеги курдун ээси Хабиб Нурмагомедов менен беттеш өткөрүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

Америкалык мушкердин айтымында, беттеш үчүн салмак кошуп, жеңил салмак ченинде (россиялык мушкердин салмак чени) Нурмагомедов менен күч сынашууга даяр.

"Хабиб жеңилбес мушкер, ал чыныгы мырза! Анын салмагы бир тепкичке меникинен жогору. Нурмагомедов, мен сөзсүз беттеше турган адамдардын бири. Мындан ары күтө албайм. Баары качан жеңил салмак ченине көтөрүлөрүмдү сурап жатышат, сөзсүз көтөрүлөм. Хабиб азыр биринчи орунда. Ал менен беттешти чыдамсыздык менен күтүп жатам", - дейт Холлоуэйдин.

Холлоуэйдин кийинки каршылашы Алекс Волкановский. Экөө 14-декабрда өтө турган UFC 245 турниринде октагонго чыгышат.

Ал эми Нурмагомедовдун кийинки каршылашы айтыла элек. Бирок, Тони Фергюсон менен беттешээри божомолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий