• 88.68
  • 95
  • 0.95

17-январга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 17-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда 0...-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көл облусунда -2...3, Нарын, Талас облустарында -2...-7 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы 0...-2, градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий