• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЮНИСЕФ ӨКМдин ишин колдоо үчүн он лазердик принтер тапшырды

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. ЮНИСЕФ КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) он лазердик принтерди тапшырды. Алардын наркы 2,2 млн сомдон ашат.

Жабдуулар Япония өкмөтү каржылаган мектептердин климаттык жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерине даярдыгын жогорулатуу долбоорунун алкагында сатылып алынды.

ЮНИСЕФтен кабарлашкандай, жабдууларды тапшыруу аземине өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло катышты.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу жаатындагы учурдагы жана келечектеги кызматташуусун талкуулашты. Тараптар ошондой эле окуучулардын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатуу максатын көздөгөн долбоорду ишке ашыруу маселелерине токтолушту.

Министр ЮНИСЕФ менен Япония өкмөтүнүн табигый кырсыктарга даярдыкты камсыздоодо жана аларга чара көрүүдө узак мөөнөттүү өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, балдардын жана мектептердин коопсуздугуна өзгөчө басым жасады.

Долбоордун алкагында ЮНИСЕФ буга чейин 600 мектепти чукул кырдаалдар үчүн зарыл болгон шаймандар менен жабдыган: үн күчөткүчтөр, кол сиреналар, өрткө каршы калкандар, эвакуациялык замбилдер, дары кутулары, авариялык туткалары бар эшиктер, ж.б.

“Өзгөчө кырдаалдарда жаш балдар айрыкча аярлуу болушат. Ошондуктан биз аларды коопсуздук сактоого жардам берген билим жана аспаптар менен камсыз кылышыбыз керек. Биз өнөктөшүбүзгө – Жапон өкмөтүнө – мындай маанилүү ишти колдоп бергенине ыраазыбыз”, - деди Кристина Бруджиоло.

Долбоордун алкагында ЮНИСЕФ табигый кырсыктардын жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттеринин алдында мектепке жана мектепке чейинки мекемелерге барган балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен кызматташып келет.

Пикир

Оставить комментарий