• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажы кызматынын кызматкери “Погончон айым - 2021” конкурсунда баш байгеге ээ болду

Коом 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Айзада Максатбекова “Погончон айым -2021” конкурсунда баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара 29-майда КР Чек ара кызматы жана Куралдуу күчтөр күнүнө арналып А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде өттү.

“Мен эң күчтүү” биринчи конкурсунда катышуучулардын алдында күжүрмөн кесиптик даярдыгын көрсөтүү, экинчи “Мен ар тараптуумун” – конкурсунда өздөрүнүн оригиналдуу стили менен тааныштыруу тапшырмасы коюлган. “Мен үйдө погонсуз” конкурсунда катышуучулар тамак жасоо өнөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле “Мен ырдайм же бийлейм” конкурсунда көрүүчүлөргө өз таланттарын тартуулашты. Акыркы “Кандай болсо да мен айым” конкурсунда (дефиле) катышуучулар кече көйнөктөрүн кийип чыгышты. Түндүк-Чыгыш бажысынын юридикалык иштер боюнча бөлүмүнүн инспектору, бажы кызматынын кенже лейтенанты Айзада Максатбекова жогорку деңгээлдеги даярдыкты көрсөтүп, жеңишке ээ болду”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле конкурска ӨКМ, ЖАМК, МЧК, ИИМ жана ИИМ Академиясынын өкүлдөрү катышты. Бардык катышуучулар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Аталган иш-чара акыркы 15 жылдан бери өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий