• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Түркиянын транспорт министрлери кызматташтыкты чыңдоо жолдорун талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында боордош өлкөнүн транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу менен жолукту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын транспорт тармагындагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кызматташтыктын бир катар багытаттары боюнча макулдашты. Алсак:

  • соода экономикалык байланышты чыңдоо максатында эл аралык жүк ташууда колдонулуучу уруксат кагаздарын либералдаштырууну улантуу;
  • транспорттук байланышты санариптештирүү;
  • “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасына техникалык колдоо көрсөтүү жана кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу максатында тажрыйба алмашуу;
  • айкалышкан жүктөрдү ташууда Кыргызстан менен Түркия мамлекеттерин бириктирген транспорттук коридорлордун үстүндө активдүү иш алып барууну улантуу.

Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн транспорт тармагындагы кызматташтыгы туруктуу өнүгүп келе жатканы айтылып, мындан ары да анын кеңейип жана чыңдала берерине ишеним артылары баса белгиленди.

Белгилей кетсек, жолугушуу кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынынын алкагында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий