• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кубанычбек Кадыров: Президент шайлоо боюнча туура позицияны тандады

Коом 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Президент шайлоо боюнча туура позицияны тандады. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде Жогорку Кеңештин мурдагы
Кубанычбек Кадыров билдирди.

"Президент кайсы партия келсе да иштешем, эч кимге жан тартпайм деп айтып келе жатат. Мен жакында эле Ысык-Көлгө барып келдим. Ал жактан мамлекеттик кызматкерлер, мурда шайлоого 3-6 ай калганда президенттин администрациясынан буйрук келип, мамлекеттик кызматта иштегендерге, мугалим, токой, суу чарбасынын кызматкерлерине мынча адамдын паспортун алып келесиң, үгүт иштерин жүргүзөсүң деген тапшырмалар берилип турганын айтышты. Азыр андай болгон жок дешти", - дейт ал.

Анын айтымында, мурда партиялардын документтери туура болбой калып, талаш чыккан учурда партияларды БШКга жолотпой коюшчу.

"Президенттин администрациясы сотко кийлигишпегени үчүн "Бүтүн Кыргызстан" утуп чыгып жатат. Ал нерсе президент айткан сөзүнө туруп жатканын көрсөтүүдө", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий