• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Койчуманова: Конституциялык кеңешмеде үч бийликтин тең салмактуулугу каралууда

Коом 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Конституциялык кеңешмеде үч бийликтин тең салмактуулугу каралууда. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Конституциялык кеңешменин мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор Чолпон Койчуманова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Конституциялык кеңешменин үч секциясы тең иштеп жатат.

"Үч бийликтин тең салмактуулугу ар бир секцияда каралууда. Президенттик бийлик деген ар кандай сөздөр айтылууда. Жок, биз андан алыс болушубуз керек. Учурда үч бийликтин тең салмактуулугун жана эң башкысы жоопкерчиликти талкуулап жатабыз. Азыркы Баш мыйзамда жоопкерчилик тууралуу так жазылган эмес. Биз учурда жоопкерчилик Конституцияда так көрсөтүлүшү керек деп айтып жана анын үстүндө иштөөдөбүз. Тажрыйба бийлик бутактары жоопкерчилик албагандыгын көрсөттү", - деп баса белгилеп өттү тарых илимдеринин доктору Чолпон Койчуманова.

Пикир

Оставить комментарий