• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ниязбеков жол кырсыктарын алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды күчөтүү боюнча кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-июнунда КРнын ички иштер министри Улан Ниязбеков аппараттык онлайн кеңешме өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешмеде негизги тема катары президент Садыр Жапаровдун өлкөнүн Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүү тууралуу тапшырмасын аткаруу маселелери каралды.

ИИМдеги онлайн аппараттык кеңешмеде жол кырсыктарын алдын алуу маселеси талкууга алынып, министр тез аранын ичинде жол кырсыктарын алдын алуу, болтурбоо, профилактикалык иштерди күчөтүү жана аны кеңири чагылдыруу боюнча иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурууну талап кылды.

Ошондой эле тез аранын ичинде жол кырсыктарына байланыштуу жазаны күчөтүү, мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрду киргизүүнү тез арада колго алуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Ошондой эле онлайн чогулуштун жүрүшүндө жайкы туристтик сезон учурунда коомдук тартипти жана коопсуздуктуу камсыз кылуу жана ошондой эле адамдардын сууга чөгүп кетүү кырсыктарын алдын алуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте комплекстүу иш-чараларды колго алуу максатында ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өттү.

Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

ИИМ башчысы туристтик сезон учурунда коомдук тартипти сактоонун бардык жагдайларына токтолду. Айрыкча ички иштер органдарынын кызматкерлери жана туристтик милициясынын кызматкерлери чет өлкөлүк туристтердин жана республиканын конокторунун коопсуздугун, ошондой эле алардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кылат.

Чогулуштун жыйынтыгы менен министр ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына жайкы туристтик сезон учурунда коомдук тартипти жана коопсуздуктуу камсыз кылуу багытында жети тапшырма койду.

Алар, коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугуна терс таасирин тийгизе турган учурларды алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо чаралары уюштурулсун. Коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда милициянын кайгуул иштери күнү-түнү иш алып барсын. Жайкы туристтик мезгил башталгандыктан жер-жерлерде коомдук тартипти камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу, жарандарга жана чет элдик жарандарга туура мамиле жасап, сервистик тейлөө көрсөтүүлөр сапаттуу жүргүзүлсүн. Аба ырайынын кескин түрдө ысып кеткенине байланыштуу жарандардын анын ичинде жаш балдардын сууга чөгүп кетүүлөрүнө бөгөт коюу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөттөр, айыл башчылар, өзгөчө кырдаалдар кызматтары менен бирге алардын алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлсүн.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери бардык жарандарга, анын ичинде чет элдик конокторго сылык мамиле жасап, милициянын адептүүлүгүн көрсөтүп, мыйзам чегинде жүктөлгөн милдеттери аткарылсын. Аталган талаптардын бардыгы күнүмдүк нускамаларда өздүк курамга жеткирилип, кызматкерлер арасында мыйзамдарга жана тартип бузууларга жол берилбесин, деген багыттагы тапшырмалар ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан берилип, алардын аткарылышы областтык жетекчилерге жана ИИМдин Башкы штабына жүктөлдү.

Маалымат иретинде, Ички иштер министрлиги онлайн кеңешмени коомдук тартип чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди талкуулоо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн убакты шартына жараша өткөрүп турат.

Аталган онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен да милициянын мындан аркы ишмердүүлүгүнө байланыштуу кошумча иш пландар иштелип жана аны иш жүзүнө ашыруу боюнча уюштуруучулук чечимдер кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий