• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда улуттар аралык ынтымакты бекемдѳѳгѳ багытталган кичи футбол өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Жалал-Абадда улуттар аралык ынтымакты бекемдѳѳгѳ багытталган кичи футбол өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара 2010-жылы июнь окуясында кызмат ѳтѳѳ учурунда каза тапкан милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун жаркын элесине арналып, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган.

Иш-чара учурунда Мыктыбек Сулаймановдун кызмат учурунда жасаган эрдиги, кызматтагы ѳзгѳчѳлүктѳрү, жѳнѳкѳйлүгү жана атына жараша мыкты инсан экендиги айтылды.

Кичи футболго Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун 9 айыл аймагынын командалары активдүү катышып, биринчилик үчүн күч сынашты. Жыйынтыгында жеңүүчү командага кубок, баалуу белектер, Базар-Коргон РИИБдин дипломдору тапшырылды.

Иш-чара учурунда милиция кызматкерлери келген конокторду спорттук таймаш аркылуу достукка чакырышты. Район аймагында улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий