• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жалал-Абадда базар бааларын көзөмөлгө алуу жана өсүүсүнө жол бербөө маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында бааларды көзөмөлдөө жана базарлардын ишмердүүлүгү боюнча жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы Бейше Сатыгулов, Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад башкармалыгынын башчысынын орун басары Уланбек Камчыбеков, мэриянын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Султан Эргешов тиешелүү мекемелердин жетекчилери жана соодагерлер катышты.

Жыйында эки маселе каралды:

1. Социалдык маанилүү делген товарларга ( ун, нан, картошка, суу май) болгон бааларды көзөмөлгө алуу.

2. Ири жана кичи базарлардын ишмердүүлүгү.

Жыйындын жүрүшүндө базар бааларын көзөмөлгө алуу жана алардын өсүүсүнө жол бербөө багытында сөз болду. Социалдык маанилүү товарларга баалар жогорулаган учурда сатуучуларга жана сатып алуучуларга тушүндүрүү иштерин алып баруу зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий