• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аскарбек Жаныбеков Ош облусунда бир катар айыл чарба объектилерин кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 7-декабрда министр Аскарбек Жаныбеков Ош облусундагы иш сапарынын экинчи күнүндө бир катар айыл чарба объектилерин кыдырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Эралиев мал соючу жеке ишканасынын, Ош шаарынын борбордук базарынын, ветеринардык – санитардык экспертиза лабораториясынын, “Алайкуу” сүт кайра иштетүү цехинин ишмердүүлүгүн текшерди.

Андан соң Араван районундагы суу сактоочу жайдын курулушу менен таанышты. Эгерде бул суу сактагыч курулуп бүтсө, анда 4 миң гектардан ашуун жерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк болот. Вегетация мезгилинде Араван-Сай дарыясынын суу агымы 6928 гектар сугат жерин сугат суусу менен камсыз кыла албайт. Дарыянын жылдык агымы 235 млн кубометрди түзөт, анын ичинен жергиликтүү калк 50-60 млн кубометрди сугатка колдонот. Калган суунун көлөмү 180 млн кубометр Өзбекстандын аймагына агып кетет.

Мындан сырткары, министр Төөлөс айыл аймагындагы жер астынан суу чыгарган кудуктардын (скважина) иштөөсүн текшерип, Найман суу сактагычынын абалы менен таанышып, 2024-жылга карата даярдыктардын жүрүшү, вегетация мезгилиндеги суунун туура бөлүштүрүлүүсүн көзөмөлдөдү.

Буга чейин Чек-Абад айыл аймагындагы "Бахтияр" насосу жараксыз абалга келген. Азыркы тапта насос мамлекет тарабынан калыбына келтирилип, электр энергиясы мамлекет эсебине өткөрүлсө, суу жетишсиздиги кыскарып, Жаркыштак айылынан 52, Көкөлөпаш айылынан 205, Пахтачы айылынан 300, Төлөйкөн айылынан 117 жана С.Юсупова айыл аймагынан 20 дыйкан чарбалар кошумча сугат суусу менен камсыздалып, суу тартыштыгы чечилди.

Ал Керме-Тоо айыл аймагында “Ош Глобал текстиль” пахта буласынан жип ийрүүчү фабрикасын куруу маселесине да көңүл бурду. “Ош Глобал Текстиль” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жаны курулуучу фабрика, өзүнүн сырьесун – пахта буласын Кыргызстандын аймагында кайра иштетүү, жаңы жумушчу орундарын түзүү үчүн Араван районунун аймагында 10 га аянтына ийрүү фабрикасы, трикотаж цехи, боёк жана тигүү цехин курууну пландаштырып жатат.

Жогорудагы жер аянтында жылдык кубаттуулугу 6 миң тонна пахтадан жип ийрүүчү фабриканы куруу, 1800 тонна трикотаж буюмдарын чыгаруу, 900 тонна кийимдерди иштеп чыгарууну пландаштырып жана ишке киргизүүнү ишке ашырат, ошондой эле 1500 адамдан кем эмес жаңы жумуш орундары түзүлөт жагна долбоордун баасы 22 млн долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий