• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги соода борборлорунда укук коргоочулар жарандарга акысыз кеп-кеңештерди берүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Бишкектеги соода борборлорунда Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери кыргызстандыктарга акысыз укуктук кеп-кеңештерди берип жатышат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Иш-чара "Зомбулукка каршы 16 күн” аталыштагы эл аралык акциянын алкагында өтүүдө.

Институттун кызматкерлери 6-декабрда “Бишкекпарк” соода борборуна келгендерге акысыз кеңештерди беришти.

Бүгүн, 7-декабрда "АЮ гранд" борборуна келгендерге ушундай эле акысыз консультациялар берилүүдө.

Эртең, 8-декабрда институттун кызматкерлери "ГУМ" соода борборунда кеп-кеңештерди беришмекчи.

Акысыз консультация берүү боюнча үч күндүк марафондун алкагында соода борборлору институттун кызматкерлерин маалыматтык стенд жана орундар менен камсыз кылышты.

Келгендер кызматкерлерге төмөнкү маселелер менен кайрылышууда:

  • КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту деген эмне жана институт өзүнүн мандатынын алкагында кандай иштерди алып барат?
  • Жерди пайдалануу боюнча кандай жол менен кимге жана кайсы мамлекеттик органдарга кайрылышса болот?
  • Эгерде баланын апасы экинчи ирет турмушка чыккан болсо, жашы жете элек баланы чоң ата жана чоң энесинин камкордугуна тез арада алууну кантип документтештирүү керек?
  • Документтерди СССР убагында гана алып өзүнүн жеке инсандыгын тастыктоочу документти жок адам кантип документ алса болот? Ал адам өмүр бою жайлоодо мал карап келген.
  • Эгерде жер салыгын төлөбөсө жер участогун кайра кайтарып алуулары мүмкүнбү?
  • 115 шыр байланышына чалуу акысызбы? 115 шыр байланышы деген эмне?
  • Жарандык никеде туруп ажырашкандан кийин кантип алимент алса болот?

Пикир

Оставить комментарий