• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы тойлордо кызмат көрсөткөн 100дөн ашуун ишкер субъекттерден салык мыйзамын бузууларды аныктады

Коом 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы салтанаттуу иш-чараларда тейлөө кызматын көрсөткөн 109 ишкер субъекттин салык мыйзамын бузгандыгын аныктады.

Ушул 109 субъектте уруксат берүүчү документтери, анын ичинде мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү, ыктыярдуу патенти ж.б. жок болуп чыкты. Анын ичинде 44 тамаданын, 36 сүрөт тартуучунун, 6 музыканттын, 13 видеого тартуучунун жана 10 бий группасынын уруксат берүүчү документтери жок кызмат көрсөткөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Жогоруда аталган факттар боюнча салык кызматкерлери тарабынан салыктык рейддик контролдун актылары түзүлдү.

Жалпысынан Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Аламүдүн районунда өткөрүлгөн эки айлык рейддик контролдо залды жасалгалоо, фото-видео тартуу кызматтарын жана көңүл ачуучу (тамада, ырчылар, музаканттар, бий жана актерлук топтор ж.б. шоу) кызматтарды көрсөткөн 320 субъекттеи текшерди. Ошо менен бирге ушул мезгилде 769,2 миң сомго 211 патент берилген.

Салык мыйзамдарын бузган ишкерлерди аныктоо боюнча ушул өңдүү иш-чаралар улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий