• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шайлоо алдында курал-жарак алып жүргөн 6 миң 300 жаран текшерилди – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Шайлоонун алдында коомдук коопсуздукту камсыздоо, укуктук тартиптин бузулушун болтурбоо максатында ички иштер органдары “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасын жүргүзүштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чара укук бузууларды алдын алуу, мыйзамдуулукту жана тартипти бекемдөө, курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого байланышкан укук бузууларга бөгөт коюу максатында өткөрүлдү.

Жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде күзөт агенттиктеринин тиешелүү документтери, сый белекке алган куралдардын, кызматтык, мергенчилик, травматикалык куралдардын ээлери жана аларды сактоо жайлары текшерилди. Шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында бузууларды алдын алуу максатында республиканын бардык аймагында куралдарды алып жүрүүгө, сактоого, колдонууга уруксат берүүчү документтерди берүү убактылуу токтотулду. Куралдар-жарактарды саткан дүкөндөрдүн ишмердүүлүгүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Республиканын аймагы боюнча ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө ок атуучу куралдардын, анын ичинде травматикалык куралдардын 6300 ээси, 120 обьект текшерилди. Бузуулар жөнүндө кодексинин 84 жана 85-беренелерине ылайык, 220 протокол түзүлдү. 160 ашык куралдын, 3800 ок-дарылардын сактоо эрежелерин бузулгандыгы аныкталган. 9 сайлуу ок атуучу курал, кесилген курал, граната, октор табылып алынды.

Ички иштер министрлиги ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ага тете жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, сатуу, сактоо, ташуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Пикир

Оставить комментарий