• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Клара Самат Россияда жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктардан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 10.09.22. /Кабар/. Кечээ, 9-сентябрда Кыргызстандын элчиси Гүлнара-Клара Самат Москва облусу боюнча Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы башкармалыгынын ИК-5 Федералдык мамлекеттик мекемесинде жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарына барды.

Элчиликтин басма сөз кызматынан билдигендей, РФ жазаларды-аткаруу тутумунун бул мекемесинде Кыргызстандын 11 жараны (аялдар) жазасын өтөп жатат.

"Аталган жарандар менен жолугушууда КР дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы РФнын аймагында соттолгон Кыргызстандын жарандарын жаза мөөнөтүн андан ары өтөө максатында Кыргызстанга кетирүүнүн тартиби жөнүндө маалымат берип, ошондой эле жарандардын суроолоруна жооп берди жана алардын суроо-талаптары эске алынды", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, элчилик дипломатиялык өкүлчүлүктүн жүргүзүп жаткан укук коргоо иш-чараларынын алкагында жогоруда аталган категориядагы жарандар менен иштөөнү улантат.

Пикир

Оставить комментарий