• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖӨБЭММА Кыргызстан калкы Ассамблеясынын кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 28-декабрында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (ЖӨБЭММА), ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосунда, Кыргызстан калкы Ассамблеясынын кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусунда талкуулоо кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу ЖӨБЭММАнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кеңешменин негизги максаты - Кыргыз Республикасында 2021-2026-жылдар аралыгында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн Кыргызстан калкы Ассамблеясынын кеңешинин мүчөлөрү сунуштарын кабыл алуу болду.

Агенттиктин директору Бахтияр Салиев аталган иш-чаранын катышуучуларын Концепциянын негизги багыттары менен тааныштырып жана Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планынын долбооруна так сунуштарын берүүгө чакырды.

Иш-чарада бир катар сунуштары ортого салынып, тиешелүү иш-чаралары иштелип чыкты. Атап айтканда, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, мамлекеттик тилди, тилдик көп түрдүүлүктү өнүктүрүү, этностук жамааттардын өкүлдөрү мекенди сүйүү жана Кыргыз жараны түшүнүгүн жайылтуу боюнча сунуштар долбоорго киргизилди.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын кызматкерлери, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын өкүлү, Кыргызстан калкы Ассамблеясынын кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий