• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТИМ: 24-апрелге "Стамбул-Бишкек" чартердик аба каттамын уюштуруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 21.04.20 /Кабар/. Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрү тарабынан жетишилген макулдашуулардын негизинде 24-апрелге "Стамбул-Бишкек" багыты боюнча чардердик каттам уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргызстандын жарандарын алып кетүү Кыргызстандын Түркиядагы чет элдик мекемелери 2020-жылдын март айынан бери түзүп жаткан тизмелерге ылайык ишке ашырылат. Биринчи кезекте кары адамдар, балдар, аялдар, ошондой эле саламаттыгынан көйгөйлөрү бар жарандар алынып келет", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Кыргызстандын Түркиядагы чет элдик мекемелери Кыргызстандын жарандарын Түркиянын шаарларынан Стамбулга келиши үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат алуу маселесинин үстүндө иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий