• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статистика: Бүгүн дагы 119 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 4 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 119 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 51 адамдан, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 28, Ош облусунда – 10, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 277 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 59, Ош шаарында – 28, Чүй облусунда – 64, Ош облусунда – 31, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 32, Жалал-Абад облусунда – 33, Баткен облусунда 14 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын маалыматында.

Коронавирустан жалпы 1 миң 353 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкек шаарында 3, Ысык-Көл облусунда бир адам каза болгон.

Стационарларда коронавирустан 1 миң 200 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 862 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй карантининен 4, стационардан 8 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 108 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 901 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 80 миң 654 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 75 миң 334 киши айыгып чыкса, 1 миң 353 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий