• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Өлкөбүздүн тарыхы элестей түштү». Садыр Жапаровго Турдакун Усубалиевдин автоунаасын белек кылышты

Коом 0

Бишкек, 09.02.21./Кабар/. Президент Садыр Жапаровго Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин автоунаасын белек кылышты. Бул тууралуу Садыр Жапаров өзү социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

Жапаров өзүнүн билдирүүсүндө Турдакун Усубалиевдин автоунаасын алуу сыймык экендигин, бирок аны музейге тапшырууну ылайык көргөндүгүн жазган.

«Кочкор жергесинен келген Бакай аттуу мекендешибиз Турдакун Усубалиевдин автоунаасын мага белекке тартуулады. «00-01 ФИА» номерлүү автоунаа 1970-жылы Турдакун Усубалиевге берилген экен. Темир тулпар бир нече жыл тебилип, кийин соңунда Кочкордогу жердештеринин колунда көздүн карегиндей сакталып турган. Мени суктандырганы, унаа дале жапжаңы, жакшы каралган. Кадимкидей от алып, тепсең Турдакун Усубалиевдин учурундагыдай эле зуулдайт.

Дөөтү деген дөөтү, Кыргызстанды 1961-жылдан 1985-жылга чейин башкарган кишиден калган таберик буюмдун рулун кармап, ырымга ары-бери айландырып турганымда, өлкөбүздүн бир үзүм тарыхы көз алдыма элестей түштү. Бул автоунаа өмүрү жана ишмердиги биздин өлкөбүздүн өнүгүшүнө терең из калтырган адамдын аты менен байланыштуу болгондуктан, аны короомдо, көздөн далдоодо каткан болбойт деген ойго токтодум. Мындай баалуу тарыхый буюм баарыбызга тең орток, баарыбыздын энчибиз. Заманбап автоунаалардын түрү жайнаган азыркы заманда жаш муун көрүп, ата-бабалардын кандай унаа тээп, жок эле дегенде кандай шартта жашап-иштегенин элестетип алышса деле, алар үчүн тарбия. Ошондуктан, Турдакун Усубалиевден калган автоунааны Улуттук тарых музейине белекке тартуулоону туура көрдүм», - деп жазган Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасында.

Пикир

Оставить комментарий