• 88.68
  • 95
  • 0.95

Пакистандын жарандарын чек арадан мыйзамсыз өткөрүүнүн уюштуруучусу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Мыйзамсыз миграциялык каналдын уюштуруучусуна 1700 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын которуп жаткан учурда КР жараны Б.А.М. кармалды. Бул утуралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 11-октябрда УКМК тарабынан Пакистандын жарандарын Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу Казакстан тарапка кызматтык өткөрүү пункттарын айланып өтүү фактылары боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган Э.Б.И. аттуу КР жараны Чүй облусунун аймагынан кармалды.

2023-жылдын 12-октябрында "Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз алып келүү жана алып чыгуу" беренесиин негизинде кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз миграциялык каналды уюштуруучуга 1700 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын которууда, 1982-жылы туулган Б.А.М. аттуу КР жараны кармалды, алар Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айлык мөөнөткө Бишкек шаарындагы №1 тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда КР мамлекеттик чек арасы аркылуу чет элдик жарандарды мыйзамсыз алып өтүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий