• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соцфондго жыл башынан бери 6 миңге жакын кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2023-жылдын январь-август айларында 5 миң 929 кайрылуу келип түшкөн.

Фонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинде:
• жазуу түрүндө кайрылуулар – 246;
• ооз эки кайрылуулар – 703;
• электрондук кайрылуулар – 167;
• КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 88 жаран;
• ишеним телефондор аркылуу – 3340;
• уюлдук ишеним телефону аркылуу – 1385.
Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушөт:
• пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
• мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
• пенсияларды индексациялоо тууралуу;
• пенсияга укугу боюнча;
• пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
• пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
• пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
• КР СФ ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн баардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий