• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө Россиянын театралдык искусство институтунун жайкы мектеби өтөт

Коом 0

Бишкек, 01.07.23./Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Россиянын театралдык искусство институтунун (ГИТИСтин) жайкы мектеби өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдагандай, жайкы мектеп 1-10-июль күндөрү «Аврора» пансионатында өтөт.

Дээрлик 10 күндүк окуу курсуна Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери жана Азербайжандан келген студенттер катышат.

Катышуучуларга Кыргызстан, Россия жана Азербайжандан келген тажрыйбалуу окутуучулар сабактарды өтүшөт.

Ошондой эле, Россиянын искусствого эмгек сиңирген ишмери, профессор, Россиянын театралдык искусство институтунун (ГИТИСтин) музыкалык театр факультетинин деканы, окуу курсунун көркөм жетекчиси Тимофей Сополёв жана аталган окуу жайдын Сахна пластикасы кафедрасынын башчысы Айдар Закиров актёрдук чеберчилик, сахнадагы кыймыл аракет ж.б. бир катар тренинг, семинарларды, тегерек столдорду жана дискуссияларды өткөрүшөт.

ГИТИСтин окуу курсу Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүп келет. Буга чейин дагы жай мезгилинде көл жээгинде атайын он күндүк окуулар уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий