• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кайталангыс үнү, мукам тембри, көрүүчүнү арбап алар эле. Бактыбек Мамытовго жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 20.05.22./Кабар/. Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн легендасы, чыгаан диктор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бактыбек Мамытов дүйнө салды.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы азыркы Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында төрөлгөн. 1967-жылы Чүй районунун “Октябрь” айылындагы орто мектепти аяктап, совхоздо эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып аны ийгиликтүү аяктаган.

1975-жылдын мартында Кыргыз ССРинин Телерадио комитетине дикторлук болуп жумушка алынган. Дээрлик 40 жылдан ашуун аталган мекемеде эмгек өтөгөн.

Бактыбек Мамытов диктор катары балдарга, жаштарга, улууларга арналган көрсөтүүлөрдү, жаңылыктарды, саясий-коомдук берүүлөрдү, айыл чарба, укуктук, тармактык көрсөтүүлөрдү алып барды. Өзгөчө “Кыргызстан” саясий-аналитикалык көрсөтүүсү, “Арноо концерти” сыяктуу берүүлөр элдин эсинде.

Мамлекеттик деңгээлдеги расмий иш-чараларды, майрамдык ири салтанаттарды бийик чеберчиликте алып барган. Анын кайталангыс үнү, мукам тембри, алып баруу манерасы, көрүүчү, угуучуну арбап алар эле.

Ар бир кыргыз үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү катары Бактыбек Мамытов эл сыймыгы, эл адамына айланды.

Өлкө алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн “Даңк” медалы менен сыйланып, ага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары ыйгарылган.

Кыргыз телеберүүсүнө чоң салымын кошкон Бактыбек Мамытовдун элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

С.Н. Жапаров, Т.Т. Мамытов, А.У. Жапаров, З.К. Базарбеков,
С.С. Касмамбетов, А.О. Кожошев, Э.Ж. Байсалов, Д.А. Ашимова,
А.К. Эргешов, А.К. Жаманкулов, К.О. Иманалиев,
М. Шеримкулов, К. Сартбаева, С. Токтакунова, С. Садыкова,
Т.К. Джаманбаева, Т.Т. Казаков, М.А. Бегалиев, М. Абакиров,
А. Омурканов, Г.С. Базаров, Ш.Т.Алсеитова, А.А. Алдашева,
Г.А. Молдоева, М. Мамбетакунов, М. Мамазаирова, Б. Жайчиева ж.б.

Пикир

Оставить комментарий