• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баш байге батир жана автоунаа. Чекти талап кыл – байге утуп ал

Экономика 0


Бишкек, 20.05.22./Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу акциясы 10-майда старт алды, ал 31-декабрга чейин созулат.

Лотерея үч этапта: 1-июлда, 1-октябрда жана 31-декабрда ойнотулат.

Ага Кыргызстандын 18 жаштан жогору курактагы бардык жарандары катыша алат. Байге фонду демөөрчү жана өнөктөштөрдүн жардамы менен түзүлдү.

Лотереяга катышуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу жетиштүү:

- "Салык чек" атайын мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү;

- ар бир товар сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу;

- алынган кассалык чектин QR коддун мобилдик тиркемеден сканерден өткөрүү.

- система сканерден өткөн кассалык чектин топтолгон суммасын утушка катышуу үчүн уникалдуу номерлерге автоматтык түрдө алмаштырат. 1000 сомго 1 уникалдуу ID номер ыйгарылат.

1-июлда төмөнкү байгелер ойнотулат:

- 2 автоунаа;

- 10 iPhone 13 телефону;

- 10 Samsung телефону;

- 2 муздаткыч;

- 2 микроволновка;

- 2 кир жуучу машина;

- 2 чаң соргуч;

- Ысык-Көлгө эс алууга 5 жолдомо.

Пикир

Оставить комментарий