• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери билим берүү тармагына 33,9 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Жыл башынан бери республикалык бюджеттен билим берүү жана илим тармагына 33,9 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылга карата жылдык такталган план боюнча 52 млрд сом каралган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 5,8 млрд сомго көп.

Бөлүнгөн каражат төмөнкү багыттарга жумшалды:

- эмгек акыга жана Социалдык фондго чегерүүлөргө 32,8 млрд сом;
- билим берүү уюмдарынын студенттеринин, окуучуларынын "Тамак-аш" беренеси боюнча
чыгашалар 454 млн сом;
- билим берүү уюмдарынын стипендияларына 70,9 млн сом;
- жалпы билим берүүчү мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгарууга жана сатып алууга, анын ичинде Брайл арибиндеги окуу китептерин сатып алууга 152 млн сом;
- мектеп окуучуларынын эл аралык олимпиадасына 4 млн сом;
- мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын жана математика боюнча республикалык олимпиаданы өткөрүүгө 4,8 млн сом;
- "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына абитуриенттерди тестирлөө үчүн 1,8 млн сом;
- билим берүү мекемелерин учурдагы оңдоого 114,1 млн сом суммасында;
- мектептердеги интернет байланышы үчүн абоненттик төлөмгө 14 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий