• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соцфонддун колл-борборуна жыл башынан бери 8,4 миң кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 05.08.23. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борборуна жыл башынан бери 8 миң 416 кайрылуу түшкөн.Бул тууралуу фонддон билдиришти.

Ал эми 2023-жылдын август айында колл-борборго 1 миң 212 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 1 миң 216 кайрылуу телефон аркылуу түшсө, 233 кайрылуу сайттагы онлайн/офлайн чат аркылуу түшкөн.

Кайрылуулардын көпчүлүгү пенсия чектөө, жеке камсыздандыруу эсептериндеги акча каражат тууралуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана башка маселелерге байланыштуу болгон.

Соцфонддон белгилешкендей, колл-борбор мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча кесипкөй жардам көрсөтөт. Ал 1202 кыска номери аркылуу жеткиликтүү жана пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу боюнча суроолорго жооп издегендер үчүн ишенимдүү жана ыңгайлуу маалымат булагы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий