• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ипотекалык насыясы бар жарандар, ошондой эле жумушсуздар пенсиялык топтомдорун ала алышат

Өкмөт 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин жыйынында Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунан КР Социалдык фонду тарабынан пенсиялык топтоолорду төлөөнүн эрежелери жөнүндө чечимдин долбоору жактырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда ипотекалык насыясы бар жарандар, ошондой эле алардын жубайлары карыздын негизги суммасын же кредит боюнча пайыздарды төлөө үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын пайдалана алышат. Мында камсыздандырылган адамдын, ошондой эле алардын жубайларынын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө 50 миң сомдон кем эмес өлчөмдө пенсиялык топтоо болууга тийиш.

Токтом ошондой эле пенсиялык топтоолору бар жумушсуз жарандарды социалдык жактан колдоого багытталган. Алар бул каражаттарды жашоо минимумунун өлчөмүндө үч айдан ашпаган мөөнөткө ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий