• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйшөмбүдө Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Дүйшөмбүдө Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жетишилген макулдашууларга ылайык, 2022-жылдын 5-10-апрелинде Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү

Пикир

Оставить комментарий