• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улукбек Марипов Ташкенттеги технопарк жана IT-паркка барды

Өкмөт 0

Бишкек, 25.03.21./Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына жана «IT-Паркка» барды.

Улукбек Марипов жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов көргөзмө залдарын кыдырып, Өзбекстан Республикасында өндүрүлгөн продукциялар коюлган павильондорду жана өндүрүштүк цехтерди көрүп чыгышты.

Делегация мүчөлөрүнө «Технопарктын» газ эсептегичтерин, өнөр-жай кондиционерлерин жана муздатуу тутумдарын, суу насоссторун, лифт жана эскалаторлорду чыгаруучу алты жогорку технологиялык заводдорунан турган өндүрүштүк ишканалар тобу сунушталды.

Мындан тышкары, делегация мүчөлөрү мында өндүрүлгөн продукциянын экспорттук потенциалы менен таанышып, технопарктын ишканаларынын жетекчилери менен жолугушту, алар жаңы өндүрүштөрдү ачуу боюнча пландары тууралуу айтып беришти.

Аталган технопарк жогорку технологиялык өндүрүштү түзүүгө, экспортко жана импортту алмаштырууга багыт алган өндүрүштүк ишканалар тобун түзөт.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов «Яшнабад» технопаркындагы өнөр жай өндүрүшүнүн жогорку натыйжаларын белгилеп, мындан ары карай ийгиликтерди жана өнүгүүнү каалады.

Андан соң премьер-министр жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Программалык продуктулар жана маалыматтык технологиялардын технологиялык паркына барды.

Инновациялык шаарчада маалыматтык технологиялар, финансылык технологиялар, электрондук коммерция, электрондук билим берүү жана биотехнологиялар сыяктуу багыттар боюнча келечектүү баштапкы долбоорлорду колдоого алуу боюнча инкубациялык жана акселерациялык программалар иштейт.

Делегация мүчөлөрүнө ошондой эле медициналык тез жардамды башкаруунун автоматташтырылган тутуму сунушталды.

Мындан тышкары, делегация жетекчилерине келечектеги IT-шаарчанын курулуш долбоорунун бетачары сунушталды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Ташкент шаарына, эртең, 2021-жылдын 26-мартында өтүүчү Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышуу үчүн келген.

Маалымдама: «Технопарк» аймагында 6 өндүрүш жайгашкан:

- газды эсептөөчү электрондук приборлор;

- жылына 1 млн муздаткыч чыгаруучу турмуш-тиричилик муздаткычтар өндүрүшү.

- өнөр жай кондиционерлери жана муздатуу тутуму, өндүрүштүк кубаттуулугу 80 миң бирдикке жакын;

- лифттер жана эскалаторлор, кубаттуулугу жылына 2500 бирдик;

- суу насостору, жылына 550 миң бирдикке жакын;

- пресс-форма жана штамптар, кубаттуулугу жылына 200 бирдик.

Пикир

Оставить комментарий