• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улукбек Марипов мекендештерди Курман айт майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0


Бишкек, 20.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мекендештерди Курман айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

«Урматтуу мекендештер,

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан бардык мекендештерди Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Курман айт майрамы кылымдар бою майрамдалып келет жана терең руханий маңызга ээ.

Ушул майрам күнү ар бир момун мусулман колунан келген жакшы иш-аракетин жасашы шарт. Жакшы амалдарыбыз адамгерчилик сапаттарыбызды арттырып, ак ниеттүүлүк, жакындарыбызга мээримдүү болуу, бири-бирибизге жардам колун сунуу адамзаттын негизги парзы экендигин дагы бир ирет эске салат.

Ушул ыйык майрам күнү ар бирибиз жакындарыбыз менен дасторкон үстүндө чогулуп гана тим болбостон, муктаж адамдарга жардам колубузду сунуу керектигин эстен чыгарбасак. Кыйынчылыкта калган адамдардын жанынан басып өтүп кетүү мүмкүн эмес. Бири-бирибизге мээримдүү мамиле кылсак, жалпыбызга анын берекеси кайтат.

Бүгүн ата-энелерибизден кабар алып, көзү өтүп кеткен жакындарыбыздын элесин жакшы сөз менен эскерип, куран чыгарабыз. Бардыгыбыз бул дүйнөгө бир келген конокпуз. Ар бир учурду, күндү текке кетирбестен, бири-бирибизге сый-урмат мамиледе бололу!

Кымбаттуу мекендештер,

Ушул майрам күнү жалпы мекендештерге, бардык дин конфессия өкүлдөрүнө чың ден-соолук, тынчтык, бакубат жашоо жана өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсүн каалайм!».

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаарынын борбордук мечитинде өткөн майрамдык айт-намазга катышты.

Пикир

Оставить комментарий