• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда январдан тарта 1-4-класстардын окуучуларынын тамактануу ченеми 2 эсеге жогорулады

Өкмөт 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. 1-январдан тарта республикадагы жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануу ченеми 2 эсеге жогорулатылды.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Алсак, токтомго ылайык, айрым социалдык мекемелердин тамактануу ченемин этап-этабы менен жогорулатуу максатында 2024-жылга республикалык бюджетте 999,4 млн сом өлчөмүндө каражат кошумча каралган.

Бул каражаттар жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун жакшыртууга жумшалат.

Мындан тышкары, тамактанууга төмөнкү өлчөмдөр белгиленет:

- жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда (санаторийлерден тышкары) - 90 сом;

- кесиптик-техникалык окуу жайларында (камкорчулукта жана көзөмөлчүлүктө болгон окуучуларды кошкондо) - 60 сом;

- мектеп жашындагы балдар үчүн санаториялык типтеги мектеп-интернаттарда 165 сом;

- атайын музыка жана искусство орто окуу жайларынын алдындагы мектеп-интернаттарда - 213 сом;

- орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларында окуган жетим балдар үчүн - 100 сом;

- жетим балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын реабилитациялык топторуна - 160 сом;

- Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжине - 489 сом, камкорчулукта (көзөмөлчүлүккө) болгон студенттер жана окуучуларга (окуу процессинде) - 60 сом;

- олимпиадаларды, кароолорду, окуу жыйындарын, шоуларды, мелдештерди жана башка иш-чараларды өткөрүүдө спортчулар жана катышуучулар үчүн - 120 сомдон 489 сомго чейин.

Пикир

Оставить комментарий