• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарында көмүр баалары туруктуу

Коом 0

Бишкек, 02.02.24./Кабар/. Бишкек шаарында көмүр баалары туруктуу, деп билдирет республикалык штаб.

Бүгүн Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адистери көмүргө мониторинг жүргүзүштү.

Кара-Кече көмүрүнүн баасы 4700- 5000 сомго чейин. Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка айылында жана Победа проспектисинде капталган көмүр сатылууда.

Бир кап көмүрдүн баасы 220- 280 сомго чейин сатылып жатат.

Мониторингдин жүрүшүндө сатуучуларга «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий