• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Штаб: Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдө +17ден +22 °C чейин жылуулук сакталууда

Коом 0

Бишкек, 02.02.24./Кабар/. Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн абалы туруктуу, деп билдирет республикалык штаб.

Алсак, «Электр станциялары» ААКнын филиалы – Бишкекжылуулуктармагы борбордун 66% ын жылуулук менен камсыз кылат.

Саат 17:00гө карата көп кабаттуу үйлөрдө +17ден +22ге чейин жылуулук сакталат.

Белгилей кетсек, борбордун түштүк-батышын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы тейлейт. Бардык отканалар кадимки режимде иштеп жатат.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-февралынан 2-февралына караган түнү Бишкек жылуулук электр борборунда жарылуу болгон.

Урматтуу шаардыктар! Жылуулук менен камсыздоо маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борборуна кайрылууңуздарды суранабыз. Сиз күнү-түнү 1840 жана 1850 телефон номерлерине чалып, 0554-182-185 номери боюнча көйгөйлөрү бар сүрөттөрдү жөнөтө аласыз.

Пикир

Оставить комментарий