• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Касым жаңы конушунда пилоттук долбоор – «Шоола» бала бакчасы ишке киргизилди

Өкмөт 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Бишкектеги Касым жаңы конушунда пилоттук долбоор – «Шоола» бала бакчасы ишке киргизилди. Анын алкагында мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча инновациялык чечимдер киргизилген.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев катышып, мектепке чейинки билим берүү – билим берүү системасынын алгачкы жана эң маанилүү баскычы экендигин белгиледи.

«Себеби бул куракта адамдын ой жүгүртүү, көңүл буруу, эс тутум, сүйлөө сыяктуу негизги сапаттары калыптангандыктан, билим берүүнүн кийинки баскычтарында баланын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү маанилүү сапаттар бекемделет», - деди ал.

Касымалиев кошумчалагандай, пилоттук долбоорду ишке ашыруу бул бала бакчага баруучу балдардын санын 180 балага көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1 жаштан 6 жашка чейинки 960 миң бала бар. Мунун өзү 740 миңге жакын бала бакчага барбайт дегенди билдирет. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдардын 26%ы гана тартылган. Бул долбоорду ишке ашыруу республика боюнча мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 40%га чейин жеткирүүгө мүмкүндүк түзөт», - деди Адылбек Касымалиев.

Ал белгилегендей, долбоор президенттин демилгеси менен ишке ашып, Билим берүү жана илим министрлигинин активдүү көмөгү менен Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан сунушталган.

Атап айтканда, пилоттук долбоорго ылайык, жарактуу аянттын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жылуучу керебеттер колдонулат, бул балдардын оюндары жана сабактары үчүн кошумча бош мейкиндикти түзөт. Бул чечим бала бакчанын чектелген аянтын эң натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле бул демилге балдардын уктоочу бөлмөсү эс алуу үчүн гана эмес, окуу жана ойноо үчүн да пайдаланылганы менен өзгөчөлөнөт.

Пикир

Оставить комментарий