• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: Балдардын онкогематология корпусунун курулушу аягына чыгарылат

Өкмөт 0

Бишкек, 28.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 28-майда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун (УОГБ) балдардын онкогематология корпусунун курулушу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Балдардын онкогематология корпусунун курулушу өлкөнүн калкы үчүн зор мааниге ээ. Өкмөт бул маселени жакшы түшүнүп, аңдап сезип турат. Коомдо жана айрым ЖМКларда бул объекттин курулушу токтотулары талкууланууда, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Бул жалган. Балдардын онкогематология корпусунун курулушу республиканын чыныгы бюджеттик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен мыйзамдын алкагында аягына чыгарылат».

Премьер-министр Саламаттык сактоо министрлиги жана Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчилиги менен кеңешүү менен биринчи кезекте Борбордун курч муктаждыктагы: абдоминалдык жана торакалдык онкология жана маммология бөлүмдөрүндө капиталдык оңдоо жүргүзүү чечими кабыл алынганын баса белгиледи. Кыйла маанилүү тапшырмалардын бири - балдардын онкогематология корпусун мындан ары курулуш ченемдерин жана эрежелерин эске алуу менен, мыйзам талап кылгандай куруу болуп саналат.

Өз кезегинде Борбордун директору Эрнст Тилеков УОГБ корпусунун курулушунун айланасындагы учурдагы кырдаал жана көңүл бурууну талап кылган актуалдуу маселелер тууралуу маалымдады.

Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт борбордун өнүктүрүүгө багытталган мындан аркы пландарына аракеттешүүгө, анын ичинде зарыл болгон кошумча жабдууларды сатып алуу маселесин иштеп чыгууга даяр экенине ишендирип кетти.
Мындан тышкары кеңешмеде өлкө Өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна Премьер-министр кол койгон эки линиялык тездеткичтерди сатып алуу маселеси талкууланды. Бул аркылуу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан которулган финансы каражаттары аларды андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун колдонуусу үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгынын өлкөнүн Улуттук банкында ачылган мультивалюталык эсебине которулат.

Жыйынтыгында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай чарбасы мамлекеттик агенттигине бир айлык мөөнөттө киргизилген өзгөртүүлөр эске алынган балдардын онкогематология корпусунун курулушу боюнча долбоордук-сметалык иш кагаздарын сунуштоону тапшырды.

«Бекитилген долбоорсуз онкогематология жаңы корпусунун курулушу – бул кылмыштык шалаакылык чегиндеги толук түрдөгү жоопкерчиликсиздик. 601,3 млн сом деген сан кайдан чыкканы тууралуу суроого, эгерде долбоор жок болсо, так жооп жок. Мунун баарын дыкат карап, тактап чыгуу керек», - деп белгиледи Өкмөт башчы.
Буга байланыштуу Премьер-министр УОГБ балдардын онкогематология корпусунун мындан аркы курулушу анын жеке көзөмөлүндө болорун ырастады.

Пикир

Оставить комментарий