• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер-министр афган согушунун ардагерлерине кайрылуу жасады

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов Афганистан Республикасынан советтик жоокерлер чыгарылган күнгө байланыштуу ардагерлерге кайрылды, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Урматтуу мекендештер,

1989-жылдын 15-февралында советтик аскерлер ооган жеринен толугу менен чыгарылып кеткен. Бүгүн Кыргызстанда да ушул күн белгиленүүдө.

Кандай гана согуш апааты болбосун, анын кесепети көпкө калат. Ооган согушу ошондогу жоокерлердин жүрөгүнө унутулгус так калтырды. Кыргызстандан ооган согушуна 7 миңден ашык жөнөтүлгөн жоокердин ичинен 252си курман болуп, 1500ү жаракат алып, 600гө жакыны майып болуп кайтышкан. Ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз жоголгондор да бар. Бул жөнөкөй сандар эмес. Ар бир сан – бир жоокердин – бир мекендешибиздин тагдыры экендигин унутпасак. Невозможно без скорби вспоминать товарищей, не вернувшихся с тех военных событий.

Согуш талаасынан кайтпай калган мекендештерибизди эскерүүдө кабыргабыз кайышпай койбойт. Баласын жоготкон ата-энеге андан да кыйын болгонун элестетсек, канчалык бийик сөздөрдү айтсак да, алардын азап-кайгысын азайта албайбыз. Дүйнөдө эч качан согуш болбосун!

Урматтуу ардагерлер,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Сиздерге Мекен үчүн өз жаныңыздарды аябастан өтөгөн ак кызматыңыздар үчүн башыбызды ийип таазим этебиз. Келечек муунду тарбиялоодо улуу өрнөк катары ооган согушу тарыхта өз ордун табат, чыныгы баасы берилет деп терең ишенемин».

Пикир

Оставить комментарий