• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эдил Байсалов Бишкек жана Кыргызстандын епискобу Савватийге барды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарынын жана Кыргызстандын епискобу Савватийге барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эдил Байсалов Христостун туулган күнүнө байланыштуу епископ Савватийди жана өлкөнүн православ христиандарын куттуктап, жалпы православ коомчулугуна бакыт, жакшылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары православ дини Кыргызстандын көп улуттуу элинин салттуу диндеринин бири катары таанылаарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий