• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө аймагында бир суткада 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 5, Баткен облусунда 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айылында турак үйдүн жалпы аянты 70 чарчы метр болгон жыгач шыбы, үй эмеректери жана эшик-терезелери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ой-Тал айылында турак үйдүн короосунда болжол менен 700 түк чөп күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий