• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аксыда сел агызып кеткен баланы издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Аксыда сел агызып кеткен баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 12-июлунда саат 18:00дөр чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылындагы Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдан кесепетинен Жолборсту сайынан сел жүрүп, 7 адамы агызып кеткен (2 аял, 5 жаш бала). Мындан сырткары Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылында 2016-жылы туулган баланы сел агызган. Сел суулары жалпы 8 адамды агызган, анын ичинен 6 адамдын жансыз денелери табылып, эки кичинекей баланын сөөгү табыла элек болгон.

Кечээ, 14-июль күнү издөө иштеринин натыйжасында 2018-жылы туулган кыздын сөөгү табылган. Ал эми 2016-жылы туулган бала табыла элек. Издөө иштери саат 18:00дө убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 15-июль күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий