• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги №1 КТБда жарандарды тейлөөнүн жаңы ыкмасы тестирлөөдөн өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №1 Калкты тейлөө борборунда жарандарды тейлөөнүн жаңы ыкмасы тестирлөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрдан тартып аталган КТБда пилоттук режимде жарандарды кабыл алуунун жаңы тартиби ишке киргизилди.

"Тейлөө борбордун ишин жакшыртуу максатында маалыматтык блок (кабылдама) алынып салынды жана 28 операторго чейин тейлөө залы кеңейтилди. Эми бул КТБга келип, жарандар керектүү кызмат көрсөтүүгө талонду дароо алышат жана сурап-билүү бөлүмүнө кайрылбастан электрондук кезек боюнча адиске барышат. Эгерде жаран "Early Оne" мобилдик тиркемеси аркылуу кезекти алдын ала брондосо, келген адам жөн гана QR-кодду сканерлейт жана таблодо өзүнүн номери пайда болгондон кийин операторго барат", - деп айтылат маалыматта.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги бардык келүүчүлөргө Калкты тейлөө борборуна барардын алдында 119 номери боюнча колл-борборго чалып, калкты каттоо жана документтештирүү маселелери боюнча алдын ала толук маалымат алууну сунуштайт. Бардык уюлдук операторлордон чалуу акысыз.

Белгиленгендей, бул кадам өзүнүн оң динамикасын жана кезектерди кыскартууга өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтсө, бул практика республиканын бардык КТБларында ишке киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий