• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМде окуу жылын аяктоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча онлайн кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-июнда ички иштер министри Улан Ниязбеков республиканын аймагында коомдук тартипти сактоо жана жалпы орто билим берүү мекемелеринде окуу жылын аяктоо иш-чаралары учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо чаралары туурасында онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, онлайн кеңешменин жүрүшүндө министр Ниязбеков ички иштер органдарынын негизги милдеттери – эл арасындагы туруктуулукту камсыздап, жарандардын тынч жашоосуна шарт түзүп берүү экенин баса белгиледи.

“Коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу, элге сервистик тейлөө көрсөтүү, коомчулуктун маселесин жеринде чечүү, санарип жаңы ыкмалар менен иш жүргүзүү, коомдук-саясий кырдаалга, экономикалык каатчылыкка, чек-ара жаңжалдарына, улуттар аралык кастыкка, эл арасындагы чагымчыл учурларга өз убагында бөгөт коюу үчүн ыкчам иш-чараларды тынымсыз алып баруу – бардык ички иштер органдарынын приоритеттүү багыттары болуп саналат.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ички иштер органдарында ишке кирген заманбап санарип ыкмалардын, элди тейлөө сервистик функциялардын жана күнү-түнү жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, жыл башынан бери кылмыштуулуктун катталуусу жалпысынан 46% төмөндөдү. Башкача айтканда, бул көрсөткүч жарандардын бейпил жашоосуна карата акырындыктан мыйзам чегинде жагдайлар түзүлүп келе жаткандыгынан кабар берет", - деди министр.

Ниязбеков ар бир жетекчи, өз регионунун аймагында укуктук жоопкерчиликти, жолдо жүрүүнүн айдоочулук жана коомдук жайларда маданиятты жогорулатууга, баарына бирдей болгон мыйзамдардын талаптарын сактоого, улуттук баалуулуктарды сыйлоого карата түшүндүрүү иштерин алып барууну уюштурсун деген талап койду.

"Туризм тармагы биздин мамлекетибиздин негизги экономикалык баалуулугунун бири болуп эсептелгендиктен, ички иштер органдары бардык коопсуздук чараларын кынтыксыз иш жүзүнө ашырып, жалпы эс алуучуларга жагымдуу жагдай түзүп берүүгө жетишибиз керек.

9-июнь күнү жалпы билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чаралары болуп өтөт. Бул багытта, республика боюнча күч-каражаттардын эсеби чыгарылып, комплекстүү иш-мерчем бекитилип, ар бир мектепте ички иштер органдарынын кызматкерлери жаш балдардын жана жалпы жарандардын коопсуздугун, аны менен бирге жол кыймылынын эрежелерин сактоону камсыз кылат.

Эң негизгиси, өлкөнүн аймагында ар түрдүү глобалдык чакырыктарга, эл арасында укук бузууларга бөгөт коюп, коомчулук арасында пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө карата иш-чараларды ишке ашырууга жетишибиз керек”,- деди Улан Ниязбеков

Жогоруда аталган милдеттерди ырааттуу түрдө ишке ашыруу максатында төрт багыттан турган “Нускамалык тапшырмалар” коюлду.

Биринчи нускама: Коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлсүн. Биринчи жарым жылдыкта ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатуу максатында ыкчам иш-чаралар, рейддик-профилактикалык иштер белгиленген тартипте алып барылып, мурда катталып бети ачылбай калган кылмыштардын, анын ичинде оор жана өтө оор кылмыштардын бети ачылсын.

Элдин жашоо-шартына терс таасирин тийгизген кылмыштардын, анын ичинде уурулук, батир уурулугу, чөнтөк уурулугу, мал уурулук, алдамчылык фактыларынын бетин ачуу, акыйкат тергөө, жарандарга келтирилген материалдык чыгымдардын ордун толтурууга карата күчөтүлгөн тартипте ыкчам иликтөө иштери уюштурулсун.

Экинчи нускама: Жайкы туристтик мезгил учурунда жергиликтүү калктын жана чет элден келген коноктордун коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалсын. Туристтик аймактардагы эс алуучу жайларда элдин коопсуздугуна, жеке мүлктөрүнүн коопсуздугуна көңүл бурулсун. Жардам сурап кайрылган бардык жарандарга туура мамиле жасап, мыйзам чегинде маселесин жеринде чечүү иштери колго алынсын.

Тиешелүү министрлик жана ведомстволордун бөлүмдөрү, өз алдынча башкаруу органдары менен бирге элдин коопсуздугун сактоо боюнча алдын алуу чаралары көрүлсүн. Аталган багыттар боюнча, 3-июнь күнү Ысык-Көл облусунда болуп өткөн гарнизондук бөлүштүрүүдө тиешелүү тапшырмалар берилген. Ал тапшырмалар, бүгүнкү аппараттык кеңешменин жыйынтыгы менен бардык ички иштер органдарына негизги кошумча нускама катары жөнөтүлөт жана аткарылышын колго алууну буйрук кылам. Кайсы бир кызматкер өз милдетин аткарбай, жарандардын нааразычылыгы пайда боло турган болсо, анда ошол жердеги ички иштер бөлүмүнүн биринчи жетекчилигине катуу тартиптик жаза колдонула тургандыгын эскертем.

Үчүнчү нускама: Милициянын көчмө кабылдамалары күчөтүлгөн тартипте ишмердигин улантсын. Коомчулук арасында укук бузууларга жана резонанс жараткан окуяларга жол бербөө үчүн профилактикалык иштер күчөтүлсүн.

“102” кызматтары, ыкчам-тергөө топтору, мониторинг борборлору, ыкчам башкаруу борбору, милициянын аймактык пункттары жарандардын кайрылуусуна, ар бир жасалган кылмышка же окуяга тез арада чара көрүп, жеринде бөгөт коюу иштерин татыктуу алып барсын.

Төртүнчү нускама: Өздүк курам арасында мыйзамды жана тартипти сактоо, элге сылык мамиле жасоо, элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүлсүн. Күнүгө эртең мененки саптык тизилүүдө, өздүк курамга жогоруда аталган талаптар жана тапшырмалар жеткирилип, так аткаруулары дайыма эскертилип турсун. Жакынкы арада ички иликтөө кызматы тарабынан ички иштер органдарында өтүп жаткан нускамаларга, саптык кароолорго текшерүү иштери жүргүзүлүп, иштөө тартибине баа берилет. Ошондуктан, жер-жердеги жетекчилер жана алардын кадрлар боюнча орун басарлары өздүк курам менен сапаттуу иштерди жүргүзүшсүн. Чек-ара, дин иштери, коомдун активдүү өкүлдөрү, аксакалдар, кадыр-барктуу адамдар, жергиликтүү жана мамлекеттик органдар, монополияга каршы бөлүмдөрү, салык, өзгөчө кырдаалдар, медицина, транспорт кызматтары, токой-чарба башкармалыктары жана башка элди биринчи кезекте тейлеген мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иш-чаралар дайыма алып барылсын.

Онлайн чогулуштун соңунда, “Милиция - эл үчүн кызмат кылган, коомчулук алдындагы милдетти так аткарган орган катары эл тарабынан сыпатталууга тийиш. Талыкпаган аракет жана тынымсыз эмгек менен ишмердикти көрсөтүп, элдин ишенимине ээ болуу - кыргыз милициясынын ар бир кызматкеринин түздөн-түз милдети болууга тийиш”,- деп баса белгиледи Улан Ниязбеков.

Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий